Колледждин студенттери үчүн жаңы жылдык бал
Колледж студенттери үчүн жаңы жылдык бал. Жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, бул күндү студенттерибизге арноону чечтик. Алардын маанайын көтөрүү,өзүбүзгө (мугалимдерге) баарыбыз балалыктан экенибизди эскертип коюу... Биздин студенттердин аркасы менен Шайыр болууну билебиз, тентек боло алабыз. Баштоо үчүн жаңы жылдык программаны ойлоп таптык, баатырларга ылайыктуу костюмдарды издеп, белек сатып алдык. Андан кийин лотерея ойнотууну чечтик, 2023-жылы өзгөчөлөнгөн студенттерге сертификаттарды ыйгарууну, мыкты командаларга жана конкурсанттарга Белек сертификаттарын берүүнү чечтик , натыйжасы мына ушундай.🎉💥 Майрам ийгиликтүү болду, студенттер ыраазы болушту! Баарыңыздарга жаңы 2024-жылыңыздар менен!
Комментарии