1-сентябрда Үсөнбек Усубалиев атындагы Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинде Билим күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Адаттагыдай Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Колледждин мүдүрү Бактыбек Абдыкадырович студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, колледждин эшигин жаңы аттаган студенттерге ак жол каалап кетти! Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эң жакшы окуган жана иш-чараларга активдүү катышкан студенттерге грамоталарды тапшырып жаңы тапшыргандар үчүн колледждин администрациясы менен тааныштырып. көңүлдүү ыр-бийлер менен коштолду! Ушул окуу-жыл жалпы жамаат үчүн, студенттер жана ата-энелер үчүн ийгиликтүү болушуна тилектешпиз!