...

📅 27-февраль, 2025-жыл
📍 Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек шаары

2025-жылдын 27-февралында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Кесип жана практика күнү” аталышындагы маанилүү иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — жогорку окуу жайлары менен иш берүүчү ишканалардын ортосундагы кызматташууну чыңдоо, дуалдык билим берүү системасын жайылтуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөктөшүү болду.

Иш-чаранын ачылышын КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. жасап, билим берүү менен өндүрүштү жакындатуунун зарылдыгын белгиледи.

Андан соң, бир катар ардактуу коноктор сөз сүйлөштү:

  1. Жунушбаева Рахат Мырзабековна – «Sky Industrial Group» компаниясынын башкы директору,
  2. Сагынбаева Айнура Омурбековна – башкы директор, негиздөөчү жана кадрлар боюнча директор,
  3. Ладыгина Олеся Александровна – «Bravo» ассоциациясынын президенти,
  4. Дуйшебаева Диляромкан Камиловна – Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын президенти.

Сүйлөгөндөр иш-чаранын актуалдуулугун жана жаш адистерге болгон чоң муктаждыкты баса белгилеп, заманбап өндүрүш тармагында кесипкөй кадрларга суроо-талап жогору экенин белгилешти.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorOptimized by Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.