Жаңы 2025–2026-окуу жылы салтанаттуу ачылды

1-сентябрда Үсөнбек Усубалиев атындагы Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2025–2026-окуу жылынын башталышына жана Билим күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү.

Иш-чара салтка айлангандай Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылды.

Колледждин мүдүрү Бактыбек Абдыкадырович студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, колледждин босогосун жаңы аттаган студенттерге ак жол каалады.

Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен эң мыкты окуган жана коомдук иш-чараларга активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле жаңы кабыл алынган студенттер колледждин администрациясы менен тааныштырылды.

Салтанаттуу иш-чара шаңдуу ыр-бийлер менен коштолду.

Жаңы окуу жылы жалпы жамаат, студенттер жана ата-энелер үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жана берекелүү болуусун тилейбиз!