Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда армрестлинг боюнча Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин ЭТЭк-3-8 тобунун студенти Карамчук Захар укмуштуудай күчүн жана туруктуулугун көрсөттү.
Кызуу жана курч таймашта ал эки алтын медаль жеңип алып, эки кол боюнча абсолюттук жеңүүчү аталды.
Бул жеңиш — чоң эмгектин, тартиптин жана өзүнө болгон ишенимдин жыйынтыгы.
Даярдык процессинин ар бир этабында колдоо көрсөтүп келген машыктыруучу Мураталиев Марселге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.


