ТИПК студенти ШКУ өлкөлөрүнүн Кубогунда бокс боюнча алтын медаль жеңип алды

ШКУ өлкөлөрүнүн Кубогуна арналган эл аралык бокс турнири өлкөбүздүн спорттук жашоосундагы маанилүү окуялардын бири болду.

Престиждүү мелдешке катышкандардын катарында Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин ЗЧСк-3-4 тобунун студенти Тенисбеков Элдияр да бар болуп, рингге чыгып Кыргызстанды намыс менен жана чоң жеңишке умтулуу менен өкүлчүлүк кылды.

Спортчуну турнирге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген бокс боюнча машыктыруучусу Алтынбек Кошоев даярдады.

Күнүмдүк тынымсыз эмгек, бокс спортуна болгон сүйүү жана машыгуулардагы туруктуулук мыкты жыйынтык берди —
Элдияр алтын медаль жеңип алып, өлкөбүзгө татыктуу жеңиш алып келди!

Бул ийгилик — тартиптин, устаттардын колдоосунун жана өзүнө болгон ишенимдин чоң жетишкендиктерге жол ача тургандыгынын айкын далили.

ТИПК өз студенти менен сыймыктанат жана ага эл аралык аренада дагы көптөгөн жеңиштерди каалайт!