Январь педагогикалык окууларынын алкагында Беткайнар колледжине иш сапары

Январь педагогикалык окууларынын алкагында Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин администрациясы Беткайнар колледжине иш сапары менен барды.

Иш сапардын негизги максаты — педагогикалык тажрыйба жана мыкты билим берүү практикалары менен алмашуу, заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле январь педагогикалык окууларын өткөрүүнүн алкагында колледждер аралык кызматташтыкты бекемдөө болду.

Беткайнар колледжинин администрациясына жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.