Праздник Нооруз объединяет все нации Кыргызстана
18.03.2022-жылы Токмок индустриалдык педагогикалык колледжинде “Улут аралык ынтымак” деген темада фестиваль болуп өтту.
Фестивалдын максаты;
-Студенттерде башка улуттун өкулдөрунө болгон толерантуу мамилени калыптандыруу;
-Жаштарга этномаданий байлыктар менен тааныштырууга көмөктөшүү;
-Элдердин биримдиги жана достугу идеяларын жайылтуу;
-Студенттердин арасында жарандык патриоттуулукту күчөтүү;
-Жаштар коомчулугунда Кыргыз элдеринин тарыхый мурастарын жана маданий баалуулуктарын урматтоо атмосферасын калыптандыруу.
Бул фестивалга колледждин 1,2,3- курстарынын тайпаларынын студенттери толугу менен катышышты.Кыргыз,өзбек, казак,татар,дунган,кытай, түрк,тажик,чечен улуттарынын үрп-адатын, каада- салтын, улуттук кийимдерин, тамак-ашы менен кошо көрсөтүп чагылдырышты.
Айрыкча орус, казак, татар улуттарынын улуттук бийлерин студенттер аткарышып, өзгөчө көркөмдүгү менен айырмаланышты.
Жыйынтыгында 1-орун казак улутун көрсөткөн МКШИ-1-7, ЭТЭк-2-5, ТОР-3-31 тайпаларынын студенттерине, 2-орун татар улутун көрсөткөн ТМ-1-93,ТС-2-38, Ин-язк-3-1, ал эми 3-орун орус улутун көрсөткөн Ин-язк-1-4, МКШИ-2-6, ЭТЭк-3-2 тайпаларынын студенттерине ыйгарылды.
Комментарии